
03.11.2026
Ыңгайлуу баадагы каттамдар — MegaPayдин MegaTrip кызматында
MegaPay колдонмосу Кыргызстан жана эл аралык багыттар боюнча авиабилет издөөгө, салыштырууга жана сатып алууга мүмкүндүк берген жаңы MegaTrip кызматын ишке киргизди. Эми колдонмого кирип, 1000ден ашык авиакомпаниялардын сунуштарын салыштырып, учурдагы бааларды жана бош орундарды текшерип, ошол жерде эле ыңгайлуу рейсти тандай алышат.
Билет акысын түздөн-түз MegaPayде төлөөгө болот, башка баракчаларга өтүүнүн же төлөм маалыматын кайра киргизүүнүн зарылдыгы болбойт, демек, авиабилет издөөдөн баштап, сатып алууга чейинки бүт процессти бир колдонмодо ишке ашырууга шарт түзөт.
MegaTrip аркылуу Европага, Азияга, Жакынкы Чыгышка, Түндүк Америкага жана башка кеңири белгилүү багыттарга авиабилеттерди сатып алууга болот жана төрт шаарга чейинки көп багыттуу маршруттар жеткиликтүү. Мисалы, колдонуучу Бишкек → Стамбул → Париж → Рим сыяктуу маршрутту пландоого болот.
MegaTrip'ти колдонуу үчүн MegaPay колдонмосун ачып (App Store жана Google Play'де жеткиликтүү), негизги экрандан кызматты тандап, бара турган жериңизди жана саякат күндөрүңүздү киргизип, ылайыктуу авиабилетти тандап, тариздеп жана ошол жерден эле сатып алыңыз.
Бул жаңы кызмат издөөнү, тандоону жана сатып алууну бир колдонмодо айкалыштыруу менен сизге ылайыктуу каттамдарды тез табууга жана сапарларыңызды пландоого жардам берет.
08.01.2020-ж. №3028080120 жана №2027080120 жана 23.04.2026-ж. №8003230426 КРУБ лиц.
Башка жаңылыктар
MegaPay МКО боюнча төлөмдөрдү жүргүзө баштады
28.09.2026
МеgаРау'де онлайн – насыя!
22.09.2026
Унаа тууралуу маалымат
29.08.2023
Башка жаңылыктар

28.09.2026
MegaPay МКО боюнча төлөмдөрдү жүргүзө баштады
MegaPay «Мега Инвестиция» кызматы аркылуу сатылып алынган...

22.09.2026
МеgаРау'де онлайн – насыя!

29.08.2023
