1. Бул Шарттар «MegaPay Бонустары» акциясын (мындан ары – Акция) өткөрүү тартибин аныктайт. Акциянын уюштуруучусу "Кыргызмобайлкомпани" ЖЧК, жайгашкан жери Бишкек ш., Суюмбаев көч., 123, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 08.01.2020-жылдын №3028020120, №2027080120 лицензиялары (мындан ары – «Уюштуручу»).
2. Акцияны өткөрүүнүн мөөнөтү: 01.01.2025-ж. – 31.12.2025-ж. чейин.
3. Бонус «MegaPay» тиркемесинин Колдонуучусуна ушул Эрежелердин шарттарына ылайык Акция мезгилинде «MegaPay» QR коду жана «MegaPay» тиркемеси аркылуу товарларды/кызматтарды сатып алуу төлөмдөрүн жүргүзгөн учурда берилет.
4. «MegaPay» тиркемесинин идентификациядан өткөн Колдонуучусу Акциянын катышуучусу боло алат. Бир Колдонуучуга бир календардык ай үчүн максималдуу Бонустун суммасы 2000 бонусту түзөт.
5. Бонус «MegaPay» тиркемесинин Колдонуучусунун Бонустук эсебине төлөм жүргүзүлгөн учурдан тартып 24 саат ичинде чегерилет.
6. Бонус сатып алуунун каалаган суммасына чегерилет. Бонустун суммасы календардык ай үчүн Бонустун максималдуу суммасынын чегинен ашпоого тийиш.
7. MegaPay Бонусунун өлчөмү транзакциянын суммасынын 5% чейин түзөт. Бонус Төлөөчүдөн комиссиянын суммасына чегерилбейт. Эгерде Колдонуучу Бонустук программанын Өнөктөшүнүн товарлары/кызматтары үчүн төлөм жүргүзсө, анда MegaPay Бонусунун тышкары, Өнөктөштөн да Бонус чегерилет.
8. Акцияга MEGA номеринин балансынан QR код аркылуу жана «MegaPay» тиркемеси аркылуу https://megapay.kg/ сайтынын «Бонус» жана «MegaPay» мобилдик тиркемесинин «Бонус» бөлүмүндөрүндө көрсөтүлгөн Өнөктөштөрдүн сервистеринде жана төлөө пункттарында аткарылган сатып алуулар катыша алат.
9. MegaPay тиркемесинин «Бонус» бөлүмүнөн чегерилген Бонустардын суммасын көрүүгө болот.
10. Акциянын Уюштуруучусу Колдонуучунун шектүү аракеттерин негиз кылып, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Акциянын шарттарын бузгандыгы үчүн, ошондой эле Оператор тарабынан аныкталган көз боемочулук аракеттердин негизинде Колдонуучунун Акцияга катышуусун чектөөгө же Акциядан чыгарып салууга укуктуу. Андан тышкары ар кандай шектүү Төлөмдөрдү жокко чыгарууга да укуктуу.
11. «MegaPay» тиркемесинин Колдонуучусу төлөмдү жокко чыгарса, эсептелген Бонус жокко чыгарылат.
12. Кайсы учурда Бонус чегерилбейт:
12.1. MegaBlack, MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык карталары жана байланышкан банк карталары аркылуу төлөөдө;
12.2. онлайн платформалардагы MegaPay аркылуу төлөөдө;
12.3. башка банктардын же төлөм системаларынын тиркемелери аркылуу «MegaPay» QR коду боюнча төлөөдө;
12.4. бонустун суммасына бонустук эсептен төлөөдө;
12.5. «MegaPay» тиркемеси аркылуу башка банктардын же төлөм системаларынын QR коду боюнча төлөөдө;
12.5. кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү категориялары үчүн төлөөдө:
• Котормолор;
• Банк кызматтары;
• Электрондук капчыктар;
• Эл аралык которуулар;
• Насыяны төлөө (Банктар);
• Насыяны төлөө (МКК);
• Кайрымдуулук;
• Уюлдук операторлор;
• Чет өлкөлүк операторлор;
• Менчик ээлеринин шериктештиги;
• Коммуналдык кызматтар;
• Юридикалык жак. коммуналдык кызматтары;
• «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК;
• Интернет провайдерлери;
• Интернет кызматтары;
• Социалдык тармактар;
• Коммерциялык телекөрсөтүү;
• Катталган байланыш;
• Онлайн- оюндар;
• Такси.
13. Бонустар менен жарым-жартылай же толук төлөөгө болот:
• Өнөктөштөрдүн кызматтары жана/же “Кайда коротуш керек?” бөлүмүндө көрсөтүлгөн маркетингдик акциялардын алкагында «MegaPay» тиркемесинин «MegaPay» QR коду аркылуу;
• MEGA телефонунун балансы менен айкалышкан учурда гана Бонустар менен жарым-жартылай төлөм жүргүзүүгө болот.
14. Бонустарды эсептен чыгаруу жүргүзүлбөйт:
14.1. кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү категориялары үчүн төлөөдө:
• Котормолор;
• Банктык кызмат көрсөтүүлөр;
• Электрондук капчыктар
• Эл аралык которуулар;
• Насыяны төлөө (Банктар);
• Насыяны төлөө (МКК);
• Кайрымдуулук;
• Уюлдук операторлор.
14.2. «MegaPay» тиркемеси аркылуу виртуалдык жана/же байланган карталар менен бирге жарым-жартылай төлөм жүргүзүү учурунда;
14.3. «MegaPay» тиркемеси аркылуу башка банктардын же төлөм системаларынын QR коду боюнча төлөм жүргүзүү учурунда.
15. Акциянын Уюштуруучусу «MegaPay» Колдонуучуларына өзгөртүүлөр жөнүндө билдирүүлөрдү https://megapay.kg/ сайтына жана «MegaPay» мобилдик тиркемесине жайгаштыруу жолу менен каалаган учурунда бул Шарттарды толуктоого жана/же өзгөртүүгө укуктуу.
16. Эгерде даттануулар жана дооматтар болсо, Акциянын Колдонуучулары төмөнкү номер аркылуу колдоо кызматына кайрыла алышат +996 (555) 500 000 (*500). MEGA абоненттери үчүн чалуу акысыз.
17. Маанилүү! Акцияга катышуу үчүн «MegaPay» тиркемесин 3.8.3 жана андан жогору версияларына жаңыртуу керек.