Башкы бет

MegaPay.KG платформасынын купуялуулук саясаты

2022-жылдын «17» октябрындагы№ 024/1 буйругу мененбекитилген

«Альфа Телеком» ЖАК (мындан ары – Компания) MegaPay платформасынын/мобилдик колдонмосунун ээси жана MegaPay системасынын талаптагыдай иштешин координациялоочу жана камсыз кылуучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген лицензиялардын негизинде кызмат көрсөтүүчүлөрдүн пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзгөн «Кыргызмобайл компаниясы» ЖЧКсынын (мындан ары – Төлөм уюму) агенти болуп саналат жана MegaPay.KG платформасын (https://megapay.kg) веб-сайтын жана MegaPay мобилдик колдонмосун) колдонуунун жүрүшүндө аларды коргоо үчүн бардык зарыл болгон техникалык, уюштуруу жана укуктук чараларды көрөт.

Абоненттердин/Колдонуучулардын жеке маалыматтарына, аларды иштеп чыгууга жана коргоого байланыштуу маалыматты толугураак берүү үчүн, MegaPay платформасынын ушул Купуялуулук саясаты (мындан ары − Саясат) иштелип чыккан.

Компания тууралуу маалыматтар

«Альфа Телеком» ЖАК, дареги: 720011, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Сүйүмбаев көчөсү 123, телефон: *500, +996 (555) 500 000, ИНН 00406200910056, Компаниянын сайты: www.megacom.kg, e-mail: megapay@megacom.kg.

Төлөм уюмунун маалыматтары

«Кыргызмобайлкомпани» ЖЧК, дареги: 720011, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Сүйүмбаев көч. 123-үй, телефон: +996 (990) 800 800, ИНН 02706201110021, төлөм уюмунун сайты: https://megapay.kg, e-mail: kyrgyzmobilecompany@gmail.com, megapay@megacom.kg.

Жалпы бөлүгү

Саясат жеке маалыматтарды жана башка купуя маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан.

  • Компаниянын/Төлөм уюмунун карамагындагы жеке маалыматтар;
  • Абоненттер, Колдонмону колдонуучулар, Төлөмдөр, жеке эсептин калдыктары, транзакциялардын көлөмдөрү жөнүндө маалымат;
  • тарифтик саясат жөнүндө маалымат.

Саясат https://megapay.kg веб-сайтында жана MegaPay мобилдик колдонмосунда (“Тескөөлөр” бөлүмүнүн “Маалымат” категориясында, мындан ары “Купуялуулук саясаты”) таанышуу үчүн жеткиликтүү.

Жеке маалыматтарды жана башка купуя маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, пайдалануу жана өткөрүп берүү ушул Саясатка, Офертага (жалпы жарыя сунушка) жана MegaPay төлөм системасында төлөмдөрдү кабыл алуу эрежелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Жеке маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана берүүгө макулдук алуу

Абоненттин/Колдонуучунун жеке маалыматтарын, анын ичинде: идентификациялык маалыматтарды (колдонуучунун сүрөтү, паспорттук маалыматтар ж.б.), көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалыматтарды, жеке кабинет, абоненттик түзмөк жана аны пайдалануу үчүн техникалык маалыматтарды жана башка жеке маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана үчүнчү жактарга берүү Абонент/Колдонуучу тарабынан өз алдынча бериле турган Абоненттин/Колдонуучунун макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат, ал кызмат көрсөтүү процессинде жеткиликтүү боло турган жөнөкөй электрондук кол тамга менен кол коюлган электрондук документ түрүндө чагылдырылат.

Бул макулдук Абонент/Колдонуучу тарабынан веб-сайт жана мобилдик колдонмо аркылуу же өзүнчө жазуу жүзүндө документ түрүндө да берилиши мүмкүн. Жеке маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана берүүгө макулдук MegaPay мобилдик тиркемесинин “Коопсуздук” бөлүмүндө жана Компаниянын сайтында жайгаштырылган.

Колдонуучунун макулдугу менен мобилдик колдонмо төмөндөгүлөргө:

  • геолокацияга (жайгашкан жерди аныктоо үчүн);
  • телефон китепчесинин байланыштарына (Колдонуучуга төлөмдү алуучуну тандоого же тез төлөмдөрдү аткаруу үчүн телефон номери боюнча байланыштар тизмесинен которуу);
  • сүрөт галереясына (Колдонуучу профилинин сүрөтүн тандоону кааласа гана);
  • Колдонуучунун мобилдик түзмөгүнүн камерасына (мисалы, жеткиликтүүлүк Колдонуучуга сүрөткө тартууга, кызмат үчүн төлөө үчүн QR-кодду же штрих-кодду сканерлөөгө мүмкүнчүлүк берет);
  • санариптик документ кызматын мобилдик тиркеме менен интеграциялоо аркылуу берилген санариптик документтерге жетки алат.

Компания/Төлөм уюму кызматтын түрүнө/тибине жана маалыматтарды өткөрүп берүү каналдарына жана/же веб-сайт, мобилдик колдонмо, SMS жана башка маалыматтарга жетки алууга жараша колдонулуучу жөнөкөй электрондук кол тамга − идентификатор боюнча дал келген келген адамды аныктайт. Абонент/Колдонуучу идентификаторду үчүнчү жактарга өткөрүп берүү/идентификаторго жетки алуу мүмкүнчүлүгүн берүү укугусуз, электрондук колтамга ачкычынын купуялуулугун сактоого милдеттенет, жана да жетки алуу жана жеке колдонуунун коопсуздугу үчүн Абонент/Колдонуучунун өзү жоопкерчилик тартат (аны сактоо тартибин/ыкмасын жана үчүнчү жактардын жетки алуусун чектөө тартибин Абоненттин/Колдонуучунун өзү тандоосу). Идентификаторго уруксатсыз жетки алууга жол берилген учурларда (ошондой эле аны жоготуп алуу, үчүнчү жактарга өткөрүп берүү жана коопсуздукту башка бузуулар), Абонент/Колдонуучу Компанияга дароо жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттенет.

Топтолуучу маалыматтардын көлөмү/тизмеси

Саясат MegaPay мобилдик колдонмосун колдонууда Абонент/Колдонуучу тарабынан Компанияга/Төлөм уюмуна берген ар кандай жеке маалыматтарга жана башка маалыматтарга, ошондой эле Абонент/Колдонуучу тарабынан бул маалыматты бизге же биздин өнөктөштөргө MegaPay мобилдик тиркемесинде андан ары колдонуу үчүн берүүгө макулдук берилген учурда колдонулат. MegaPay платформасы каржылык кызматтарды, ошондой эле өзүнүн өнөктөштөрүнүн жана мамлекеттик органдардын кызматтарын жана сервистерин көрсөтүү үчүн, анын ичинде MegaPay плаформасын орнотууда жана колдонууда жана аларга жетки алуу үчүн маалыматтарды алат же чогултат.

MegaPay платформасында чогултулуучу жана колдонулуучу маалыматтар:

1. Идентификациялык маалыматтар жана MegaPay’ге катталууда, коопсуздукту камсыздоо үчүн, Колдонуучу тарабынан көрсөтүлгөн маалыматтар:

Бул Абонент/Колдонуучу MegaPay мобилдик колдонмосуна катталууда Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык идентификациялоодон өтүүнүн алкагында берген маалыматтар – аты-жөнү, ИНН, туулган күнү жана жери, жаш курагы, дареги, инсандыгын тастыктаган документтин маалыматтары же паспорттогу маалыматтар (аталышы, сериясы, номери, документтин берилген күнү, аны берген орган), телефон номери, электрондук почтанын дареги, жынысы, ошондой эле колдонуучу аралыктан онлайн идентификациялоодон өткөн учурдагы анын сүрөтү (камера көрсөткөндө онлайн тартуу), мындан тышкары, Абонент/Колдонуучу берүүгө макул болгон кошумча маалыматтар (булардан да так маалымат зарыл болгон учурда) Идентификациялоо жол-жоболорунан өтпөгөн Абонентке/Колдонуучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, төлөм жүргүзүү функционалдары жеткиликтүү болбойт.

2. Көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу маалыматтар:

Компанияда байланыш кызматтарын көрсөтүү келишими же башка келишим боюнча Колдонуучуга көрсөтүлгөн кызматтар, колдонулган тарифтик пландар, кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүдөгү ыкмалар тууралуу, кошулган кошумча кызматтар жөнүндө, жеке эсебинин абалы жөнүндө, кызматтар үчүн карыздары тууралуу жана колдонуучуга башка кызматтарды көрсөтүүдө зарыл болгон башка маалыматтар бар. Бул маалымат MegaPay Колдонуучусунун жеке кабинетинде көрсөтүлөт.

3. Кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон жана Абонент/Колдонуучу берүүгө макул болгон маалыматтар:

классы жана мектептин аталышы, билими жөнүндө маалымат, университетти аяктаган жылы, факультет/адистик тууралуу маалымат, дипломдун сериясы, үй-бүлөлүк абалы тууралуу документтин номери жана сериясы, банктык маалыматтар (төлөм жөнөтүлө турган номер), картанын/эсептин номери, телефондун/почтанын номери, унаанын мамлекеттик номери, транспорт тууралуу кошумча маалымат (транспорттун түрү), кыймылсыз мүлк бирдиги. ишмердүүлүк жөнүндө кошумча маалымат (ишмердүүлүктүн түрү, мекеменин аталышы, жайгашкан дареги), соттолгондугунун бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар, эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу маалымат, балык уулоого билет алуу, колдонуучунун кошумча уруксаты менен телефон китепчесиндеги байланыш номерлерге жетки алуу (телефон номери боюнча которуулар үчүн төлөм/которуу алуучуну тандоого шарт түзөт) жана мамлекеттик/муниципалдык жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн талап кылынган кошумча маалыматтар (бул маалыматтарды тиркемеде көрсөтүү менен).

4. Веб-сайтка кирген учурда алынган жана колдонулган маалыматтар:

Компаниянын/Төлөм уюмунун кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн, Абоненттин/Колдонуучунун маалыматтары колдонулат. Тактап айтканда, бул маалыматтар, анын ичинде cookie файлдары көйгөйлөрдү аныктоого жана аны жөнгө салууга, веб-сайт менен пайдалуу кызматташтыкта болушу үчүн Абонент/Колдонуучунун сессияларын сактоого, тиркемени орнотуп жана аны пайдалангандагы өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды алууга, ошондой эле тиркеменин ишин жакшыртууга, мисалы, тиркеменин негизги фунцияларынын иштөөсүндө келип чыккан көйгөйлөр тууралуу маалыматтарды алууда колдонулат.

5. Мобилдик түзмөк жана аны колдонуу боюнча техникалык маалыматтар:

Колдонуучунун − Компания Абонентинин түзмөгүнүн операциялык системасы, сигналды кабыл алуу деңгээли, түзмөктүн идентификатору жана түзүлүшү жана орнотулган программалык камсыздоолору сыяктуу маалыматтар чогултулат. Мындан тышкары, Колдонуучу MegaPay тиркемесин пайдаланган учурда көрсөткөн уникалдуу код жана байланыш оператору жөнүндөгү маалыматтар чогултулат.

6. Жеке эсепти толуктоодогу маалыматтар:

Компания/Төлөм уюму жеке эсепти банк картасынан/электрондук капчыктан же башка шаймандардан толуктаган операциялар боюнча маалыматтарга жетки алышат. Төлөмдөр жөнүндөгү маалыматтары Колдонуучуга/Абонентке кызмат көрсөтүү жана бул боюнча аны жеке кабинетинде көрсөтүп кабардар кылуу максатында пайдаланылат.

7. Абоненттин жеке эсебинен аванстык каражаттарды кайтаруудагы маалыматтар:

колдонуучу көрсөтүлгөн маалыматтарды өзү жазуу түрүндө арыз берүү/аралыктан веб сайтта арыз калтыруу, Компаниянын колл-борборуна чалуу/мобилдик тиркемеге электрондук форматта арыз калтыруу жолу менен толтурат.

8. MegaPay’деги транзакциялар (автотөлөмдөр/шаблондор) жөнүндө маалымат:

көрсөтүлгөн маалыматтарды Колдонуучу мобилдик тиркемеде/веб-сайтта өз алдынча толтурат: төлөмдүн суммасы, кызмат көрсөтүүчүнүн аталышы, кызмат көрсөтүүчүнүн жеке эсебинин номери, реквизити, банк картасынын номери, электрондук капчыктын номери жана башкалар.

9. Жайгашкан жери жөнүндө маалымат (мындай маалымат бар болсо):

Компаниянын Колдонуучу – Абоненттеринин жайгашкан жери жөнүндө маалыматы болот. Эгерде Абонент макулдугун берсе, Компания Абоненттин жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды түйүндүн идентификаторунун негизинде чогултат ( “Жайгашкан жери жөнүндө маалымат). Абонент каалаган учурда өзүнүн мобилдик түзмөгүнөн GPS функциясын өчүрүп коё алат.

10. Кошуу жөнүндө маалыматтар:

MegaPay платформасын ар бир колдонууда, Абоненттин/Колдонуучунун түзмөгүнүн IP-дарегин, кайрылган күнүн жана убактысын, тиркеменин ишинин авариялык аякташы боюнча фактыларды, операциялык системанын иштөөсүнүн башка аспектилерин өз ичине камтыган сервердин лог-файлдары алынат.

11. Бириктирилген жана ээсиздендирилген маалыматтар:

Компания/Төлөм уюмдары жогоруда саналган маалыматтардын бардык түрүн бириктирилген жана ээсиздендирилген аналитикалык маалыматтарды жана отчётторду түзүү үчүн пайдаланууга укуктуу (мисалы, кызыктырган төлөмдөрдү максаттуу бөлүштүрүү, же ички аналитика үчүн белгилүү бир аймакта Колдонуучулардын пайыздык санын эсептөө үчүн ).

12. Үчүнчү жактардан келип түшкөн маалыматтар:

Колдонуучу же Колдонуучу тарабынан көрсөтүлгөн башка адамдар жөнүндө маалыматтарды камтышы мүмкүн болгон үчүнчү жактар тарабынан берилген маалымат. Мисалы, Колдонуучулар мобилдик тиркемени колдонууда, MegaPay платформасынын билеттерин сатып алуу же/жана башка кызматтарынан пайдалануу үчүн, телефон номерин жана (же) Колдонуучунун башка маалыматтарын, ошондой эле үчүнчү жактардын маалыматтарын (ИНН, толук аты-жөнүн, мобилдик телефонунун номерин, туулган жылын жана/же күнүн, электрондук почтасынын дарегин, жашаган дарегин) бере алышат. Муну менен Колдонуучу үчүнчү жактардын маалыматтарын топтоого, иштеп чыгууга, берүүгө макулдук алгандыгын жана өз аракеттери үчүн үчүнчү жактардын алдында өзү жооптуу экендигин тастыктайт. Бул маалымат кызматтарды талаптагыдай көрсөтүү, Колдонуучуларга жана үчүнчү жактарга кызмат көрсөтүү боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл.

13. Колдонуучунун кошумча маалыматтары

Колдонуучу берүүгө макул болгон MegaPay платформасында кызмат көрсөтүүгө негиздүү түрдө зарыл болуп эсептелген маалыматтар.

Саясат үчүнчү жактарга таандык болгон маалыматтык ресурстарда чогултулган маалыматка, же маалыматты алуу учурунда ал жалпыга жеткиликтүү /жалпыга белгилүү болгон болсо, же болбосо, кийинчерээк Компаниянын/Төлөм уюмунун, MegaPay платформасынын тиешеси болбой туруп мындай мүнөздөгү маалыматка айланган маалыматтарга жайылтылбайт, анын ичинде Абонент/Колдонуучу тарабынан Компаниянын байланыш түйүндөрүн пайдалануу аркылуу өз алдынча кимдир бирөөгө берилүүчү маалыматка карата колдонулбайт.

Үчүнчү жактардын маалыматтык ресурстары жеке маалыматтарды коргоонун өзүнүн саясатына (купуялуулук саясаты) ээ болушу мүмкүн. Үчүнчү жактардын маалымат ресурстарын колдонууну жана аларга жеке маалыматтарды же башка купуя маалыматты берүүнү баштоодон мурун, биз сизге бул ресурстардын купуялуулук саясатын кылдат изилдеп чыгууну, аны үчүнчү тараптын ырасталбаган ресурстарына өткөрүп бербөөнү жана жеке маалыматтарыңызды таратууда өтө этият болууну сунуштайбыз.

Жеке маалыматтарды топтоонун, иштеп чыгуунун жана өткөрүп берүүнүн максаты

MegaPay платформасында маалыматтар мобилдик тиркеменин колдонуучуларынын каржылык операцияларынын коопсуздугун коргоо, каржылык кызматтарды коопсуз көрсөтүү жана кызматтарды талапка ылайык көрсөтүү, Колдонуучулардын алдында өз милдеттерин тиешелүү түрдө аткаруусу үчүн керек.

Колдонуучу жөнүндө маалыматтарды жана жеке маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү MegaPay тиркеме/платформасынын сервис/функционалдарын колдонууга мүмкүнчүлүк жана жетки алуу үчүн ишке ашырылат, анын ичинде Колдонуучуга бардык мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды көрсөтүү, төмөндөгү тизмедеги кызматтарды кошуу менен, бирок алар менен чектелбестен:

  • Компания менен Колдонуучунун ортосунда түзүлгөн байланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндөгү келишимдин жана башка келишимдердин шарттарынын аткарылышы;
  • Төлөм уюму тарабынан төмөндөгү (тизме платформага жаңы сервистер кошулганда же алынганда өзгөрүшү мүмкүн) мамлекеттик кызматтардын көрсөтүү:
  • Орто билим жөнүндө аттестатты текшерүү;
  • Жогорку билим жөнүндө дипломду текшерүү;
  • “Коопсуз шаар” айып пулдары;
  • Жеке жактардын транспорт үчүн салык төлөөсү;
  • «Транспорт каражаттарын каттоо” АМС
  • Салык карыздарынын бар/жок экендигин текшерген сервис,
  • Транспорт каражаттары үчүн салыктын суммасы жөнүндө маалымат;
  • ПИН боюнча бюджетке төлөмдөрдү чыгаруу;
  • ИИМден соттолгондугу бар/жок экендигин текшерүү сервиси;
  • ИНН күбөлүктөрүн берүү боюнча маалымат;
  • Пенсия алуучу жөнүндө маалымат (суммасы менен);
  • Камсыздандырылган тараптын иштеген мөөнөтү жөнүндө маалымат (суммасы менен);
  • ОМС фонду боюнча камсыздандыруу статусу жөнүндө маалымат;
  • Айдоочулук күбөлүктүн статусу жөнүндө маалымат (ПИН + күбөлүктүн №);
  • Автоунааны текшерүү сервиси (car check);
  • Юридикалык жакты каттоону текшерүү сервиси;
  • Табылгалар бюросунда документтин болгондугу;
  • Үй-бүлөлүк статус тууралуу маалымат;
  • Жарандын паспорттук маалыматтары;
  • Эмделгендиги жөнүндө тастыктама;
  • Балык уулоого билет;
  • «Балага сүйүнчү» төлөмүнүн статусун текшерүү;
  • Каттоо дарегинин болгондугун текшерүү;
  • Дарек-маалымат бюросунда жана участкалык шайлоо комиссиясында даректи текшерүү;
  • Электрондук патент;
  • Жаны китеп;
  • Балажан Нур.
  • Компания агент катары кызмат көрсөтүп жаткан Төлөм уюмунун өнөктөштөрүнүн, агенттеринин жана агенттеринин өкүлдөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү, Төлөм уюму менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн төлөм системасынын катышуучулары, анын ичинде коммерциялык банктар көрсөткөн кызматтар (коммерциялык банктардан эсеп ачуу жана башка сервистер);
  • көрсөтүлүүчү кызматтардын жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, анын ичинде Колдонуучулардын арыздарын, даттанууларын жана өтүнүчтөрүн иштеп чыгуу;
  • Колдонуучулардын сынактарга, жарнамалык кампанияларга (анын ичинде социалдык түйүндөрдө) катышуусу;
  • Колдонуучулардын талаптарын, каалоолорун, кызыгууларын аныктоо жана божомолдоо максатында аларга SMS/Push билдирүүлөр, электрондук почта, телефон номери, интернет аркылуу жана өзүбүз белгилеген башка ыкмалардын жардамы менен мобилдик тиркеме аркылуу жекелештирилген сунуштарды сунуштоо;
  • Жаңы өнүмдөр жана кызматтарды иштеп чыгуу, сунуштоо, колдонуучуларды көрсөтүлүп жаткан кызматтардын шарттары жана тейлөө тартиби өзгөргөндүгү жөнүндө кабардар кылуу;
  • Өнөктөштөргө/контрагенттерге скоринг жана скорингдик кызматтарды көрсөтүү;
  • Колдонуучуларды жана Компанияны/Төлөм уюмун алдамчылык аракеттерден жана башка мыйзамсыз аракеттерден, анын ичинде кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана адалдоого байланышкан аракеттерден коргоо;
  • КРдин мыйзамдарынын ченемдерине жана талаптарына ылайык, мамлекеттик органдарга жана КРУБга отчёт берүү;
  • Компаниянын/Төлөм уюмунун ички максаттары үчүн, маалыматтардын анализин, аудитти кошуу менен, жарнамалык кампаниялардын эффективдүүлүгүн аныктоо;
  • Компания/Төлөм уюму жана үчүнчү жактар тарабынан колдонулуп жаткан мыйзамдарда белгиленген укуктарды жана милдеттерди аткаруу.

Колдонуучунун укуктары

  • Маалыматтарды өзгөртүү. Компаниядагы/Төлөм уюмундагы Колдонуучунун жеке маалыматтарын өзгөртүү, Колдонуучунун арызы боюнча, маалыматтардын Компаниянын сатуу жана тейлөө борборлорунда же MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу аралыктан өзгөрүшүн тастыктаган документтерди берүү аркылуу жүргүзүлөт.
  • Колдонуучунун макулдугун жокко чыгаруу. Колдонуучу каалаган убакта Компанияга/Компаниянын сатуу жана тейлөө борборлоруна /Төлөм уюмуна жазуу жүзүндө арыз берүү менен, макулдугун кайтарып алууга же MegaPay’деги өз профилин аралыктан өчүрүүгө укуктуу. Бирок макулдукту кайтарып алуу MegaPay платформасына кирүүнү токтотууга жана Колдонуучунун профилин өчүрүүгө алып келе тургандыгын эске алуу керек. Профилди өчүргөндөн кийин, Колдонуучу мобилдик тиркеменин бардык бөлүмдөрүнө же кызматтарына жана мурда берилген маалыматтарга кире албайт.
  • Маалыматтарга болгон укуктар. Колдонуучу Абонентке/Колдонуучуга карата Компания/Төлөм уюму ээ болгон маалыматтар жөнүндө маалыматты алууга, ошондой эле Абонент/Колдонуучу жөнүндө маалыматтардын көчүрмөсүн алууга укуктуу. Колдонуучу Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Сүйүмбаев көч., 123 дареги боюнча байланышып, өз укуктарынан пайдалана алат (инсандыгын тастыктаган документ талап кылынат).
  • Даттануулар. Эгерде Колдонуучу өзүнүн маалыматтарын иштеп чыгуу жол-жобосу боюнча даттанууну кааласа, байланыш маалыматтары аркылуу биз менен байланышууну же колдоо кызматына кайрылууну суранабыз, биз суроо-талапка мүмкүн болушунча тез арада жооп берүүгө аракет кылабыз.

Жеке маалыматтарды сактоо мөөнөттөрү

MegaPay платформасы Колдонуучунун маалыматтарын аларды чогултуу жана иштеп чыгуу максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон убакытка чейин, жана да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында ушул Саясатка ылайык сактайт. Купуя маалыматтар, анын ичинде Абоненттин/Колдонуучунун жеке маалыматтары MegaPay мобилдик колдонмосун колдонуунун бүткүл мезгилинин ичинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүн ичинде ачыкка чыгарылбайт.

Колдонуучунун жеке маалыматтарын коргоо үчүн Компания жана Төлөм уюму тарабынан көрүлүүчү чаралар

Компания жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруучу Төлөм уюму тарабынан жашыруун маалыматтын корголушун камсыз кылуу максатында бир катар коопсуздук чаралары көрүлөт.

MegaPay платформасы заманбап технологияларга жана ички процедураларга ээ жана Колдонуучунун маалыматтарын тышкы кийлигишүүдөн, маалыматка уруксатсыз жетки алуу аракеттеринен, өзгөртүүлөрдөн, электрондук документтердин мазмунун бурмалоолордон жана/же өзгөртүүлөрдөн, ачыкка чыгаруудан же жок кылуудан коргоого багытталган бардык аракеттерди аткарат. Мобилдик колдонмо TLS v1.2 криптографиялык протоколун колдонуу менен коопсуз HTTPS протоколу аркылуу Интернетте берилүүчү маалыматтарды коргоону камсыз кылат. MegaPay системасындагы Колдонуучулардын жашырын сөздөрү көрсөтүлбөйт, алар шифрленген түрдө гана сакталат жана берилет. Колдонуучунун маалыматтарынын коопсуздугу үчүн OAUTH 2.0 авторизациялоо протоколу колдонулат.

Купуялуулукту камсыз кылуу, маалыматтарга жана MegaPay тутумуна ыйгарым укуктуу колдонуучулардын гана (кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн гана) жетки алуусун билдирет.

Ага ылайык, маалыматтык системаларга жана төлөм системасынын авторизациялоо системасына жетки берүү боюнча нускама, жабдуулар жайгашкан жерге кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу режими жана программалык камсыздоонун жана электрондук төлөм документтерин өткөрүү коопсуздугу аркылуу камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, техникалык каражаттардын, программалык камсыздоонун, электрондук төлөм документтерин берүүнүн, маалыматтарды сактоонун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чаралар жана коопсуздук талаптарында каралган башка чаралар көрүлөт.

Компаниянын, төлөмдөрдү ишке ашыруучу Төлөм уюмунун бардык кызматкерлери купуя маалыматты ачыкка чыгарбоо боюнча милдеттенмелерге кол коюшат, ошондой эле колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча талаптарды бузган учурда келип чыгуучу жоопкерчилик жөнүндө эскертилет.

Төлөм уюму төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, төлөмдөрдү өз убагында иштеп чыгуу, системадагы маалыматтын бүтүндүгүн, коопсуздугун жана купуялуулугун камсыз кылуу, ошондой эле төлөмдүн катышуучуларына төлөм кызматтарын көрсөтпөө же сапатсыз төлөм кызматтарын көрсөтүү үчүн жоопкерчилик тартат.

Компания, өз кезегинде, Төлөм уюмунун агенти болуу менен, ички контролдук процесстерин тынымсыз өркүндөтүү, өз маалымат ресурстарынын маалыматтык коопсуздугунун талаптарын жана механизмдерин өркүндөтүү аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо процедурасынын натыйжасында кардарлар жөнүндө алар тарабынан алынган купуя маалыматтын сакталышын талаптагыдай көзөмөлдөөнү камсыз кылат.

Бирок жеке маалыматтардын коопсуздугу жана корголушу Колдонуучудан, алардын жеке маалыматтарды коргоо боюнча биздин сунуштарыбызды аткаруусунан жана түзмөктөгү антивирустук программаларды өз убагында жаңыртуудан да көз каранды. Бул Колдонуучуну текшерилбеген булактардан тиркемелерди орнотпоого, телефонду (анын ичинде SIM- картаны) колдонуу үчүн үчүнчү жактарга бербөөгө (Колдонуучу орнотулган жана Колдонуучу катталган), ачыкка чыгарбоого, профилдин логин жана жашырын сөз сыяктуу маалыматтарын терүүдө үчүнчү жактардан бул маалыматтарды жашырууга, ошондой эле мобилдик колдонмодо профилди уруксатсыз колдонуу/өткөрүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоого милдеттендирет.

Эгерде Абонентте/Колдонуучуда Компания/Төлөм уюму менен өз ара аракеттенүүсү кооптуу болуп калды деп ишенүүгө негиз бар болсо, анда дароо биз менен байланышып, байланыш реквизиттерин колдонуу менен көйгөйдү билдирүүгө тийиш.

Жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүү

Каржылык маалымат менен иштөөдө коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу, маалыматтардын сакталышы, жеке маалыматтарды коргоо жана бул маалыматты берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана ишке ашырылат.

Колдонуучунун жеке маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу жана үчүнчү жактарга берүү Колдонуучунун жөнөкөй электрондук кол тамгасы менен кол коюлган электрондук документ түрүндө туюндурулган макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат. Бул жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга берүү «Жеке маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат жана трансчегералык өткөрүп берүүнү (Колдонуучунун макулдугу менен) камтышы мүмкүн, б.а. башка мамлекеттердин юрисдикциясындагы үчүнчү жактарга маалыматтарды берүү, анын ичинде:

  • MegaPay’ди башкарууга жана жакшыртууга жардам берген биздин өнөктөштөр, кызмат көрсөтүүчүлөр, эл аралык кызматтарды көрсөтүүдө, чек ара аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүдө биз менен өнөктөштүктө же биздин атыбыздан иш алып барган үчүнчү жактар;
  • Компаниянын процессингдик өнөктөштөрү, өнөктөш банктар, төлөм уюмдары, төлөм системасынын операторлору, микрофинансы уюмдары, бул өнөктөштөргө транзакцияларды жүргүзүүдө жана төлөмдөрдү жүргүзүүдө маалыматтарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет ж.б.;
  • тиешелүү ченемдик талаптарда каралган учурларда (алкагында) башка үчүнчү жактар (анын ичинде, Компаниянын кайра өткөрүп берүү/кайра уюштуруу жана ушул сыяктуу процесстер).

Жеке маалыматтарды өнөктөштөргө өткөрүп берүү мыйзамдуулуктун жана өткөрүлүп берилген жеке маалыматтардын купуялуулугунун принциптерине негизделет. Компаниянын/Төлөм уюмунун ар бир өнөктөшү менен колдонуучулардын жеке маалыматтарын жана башка купуя маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын чегинде ачыкка чыгарбоо шарттары менен келишим түзүлөт.

Абоненттин/Колдонуучунун жеке маалыматтары кошумча маалыматтарды суроо же ачык булактардан, мисалы, коомдук социалдык тармактардын аккаунттарынан, ошондой эле Компания/Төлөм уюму менен келишимдик мамиледе турган үчүнчү жактардан маалымат алуу жолу менен толукталышы же такталышы мүмкүн. Келишимдерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жашыруун маалыматтын жайылышына жол бербөө боюнча талаптар ар дайым каралат.

Жеке маалыматтарды профилдөө ушул Саясатта көрсөтүлгөн аларды чогултуу жана иштеп чыгуу максатында гана ишке ашырылат жана Абоненттер/Колдонуучулар үчүн кызыктуу жана пайдалуу сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Жөнөкөй электрондук кол тамганы колдонуу

Төлөм уюму менен Колдонуучунун ортосундагы мамилелерде, анын ичинде үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө, иштеп чыгууга, пайдаланууга, берүүгө, Колдонуучу жөнүндө маалыматтарды жана маалыматтарды трансчегаралык берүүгө макулдукту берүүгө байланыштуу жөнөкөй электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документтер колдонулушу мүмкүн.

Жөнөкөй электрондук колтамга менен кол коюлган электрондук документтер кагазда коюлган колтамга катары таанылат. Бул макулдук Колдонуучунун кол тамгасы менен кол коюлган жана эч кандай чектөөлөрсүз/бөтөнчөлүктөрсүз кагаз жүзүндө берилген жеке маалыматтарды берүүгө, иштеп чыгууга, берүүгө макулдук менен бирдей укукта / окшош деп таанылат.

Жөнөкөй электрондук кол тамга – бул электрондук кол тамга, MegaPay колдонмосунда авторизациялоо үчүн логин жана жашырын сөз анын ачкычы болуп саналып, электрондук кол тамга түздөн-түз Абонент/Колдонуучу тарабынан түзүлгөндүгүн тастыктайт. Ушуга байланыштуу Абоненттин/Колдонуучунун жөнөкөй электрондук кол тамганы колдонуу менен жасаган бардык аракеттери ал тарабынан жасалган болуп эсептелет.

Бир нече электрондук документтер бириктирилген электрондук документтердин топтомуна бир жөнөкөй электрондук кол тамга менен кол коюлушу мүмкүн.

Колдонуучу электрондук кол тамганын ачкычын жашыруун сактоого милдеттенет. Тактап айтканда, сиздин идентификаторуңузду үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же аны колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунуш кылынбайт. Колдонуучу анын коопсуздугу жана жекече пайдалануусу үчүн толук жооптуу, электрондук кол тамганы сактоо жана ага жетки алууну чектөө ыкмасын өзү тандайт. Жөнөкөй электрондук кол тамганы колдонуу менен Сиз (Колдонуучу) тараптан аткарылган бардык иш-аракеттер Сиз тарабынан аткарылган болуп эсептелет.

Идентификаторго уруксатсыз жетки алууда, аны жоготуп алганда же үчүнчү жактарга ачыкка чыгарган учурда, Колдонуучу бизге жазуу жүзүндө дароо билдирүүгө милдеттүү.

Саясатты өзгөртүү

Биз ушул Саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүбүзгө калтырабыз. Саясаттын жаңы редакциясы, эгерде Саясаттын жаңы редакциясында башкача каралбаса, ал веб-сайтта жана мобилдик колдонмодо жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет. Кандайдыр бир кошумча өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин, MegaPay мобилдик колдонмосун колдонуу Колдонуучучунун Саясаттын жаңы версиясын окуп чыккандыгын, макул экендигин жана жаңы версияны кабыл алгандыгын билдирет.