Жаңылыктар

Унаа тууралуу маалымат

29.08.2023

Унаа тууралуу маалымат

Кээ бир жарнамаларда унаа тууралуу так эмес маалымат көрсөтүлөт жана автоунаа сатып алуучулар көп учурда көйгөйгө туш болушат. Бул учурда Carcheck сервиси унаанын камакка алуу, күрөөгө коюу, айып салуу маалыматтарын аныктоого жардам берет.

MegaPay тиркемесинде Carcheck сервисинин кеңейтилген версиясы жеткиликтүү. Толук текшерүү бир нече мүнөттү талап кылат жана унаа тууралуу такталган маалыматты берет.

Carcheck кызматы аркылуу төмөнкү маалыматтарды алууга болот:
• Мамлекеттик номери;
• маркасы;
• модели;
• чыгарылган жылы;
• кыймылдаткыч көлөмү;
• күйүүчү май түрү;
• айнекти караңгылоо уруксатынын каттоосу бар экендиги тууралуу маалыматты;
• өзгөчө белгилерди.

Автоунаа тууралуу кошумча маалымат болсо, Carcheck кызматынын кеңейтилген акы төлөнүүчү функциялары, анын ичинде төмөнкү маалыматтар жеткиликтүү болот:
• руль жайгашкан тарабы;
• өң-түсү;
• унаанын камакка алынганы, күрөөгө коюлгандыгы тууралуу маалымат;
• белгилүү бир мезгил ичинде унаанын ээси/ээлери жөнүндө таржымалы;
• жүргөн километражы;
• сүрөтү.
Кызмат комиссиясы 4 сом!

Унааны кантип текшеребиз:
• башкы менюда «Кызмат көрсөтүүлөр» бөлүмүн ачыңыз;
• «Кеңейтилген Carcheck» бөлүмүн тандаңыз;
• автоунаанын мамлекеттик номерин жазыңыз;
• «Текшерүү» баскычын баскандан кийин кызмат боюнча каралган акысыз маалымат көрсөтүлөт;
• акы төлөнүүчү функционалды колдонуу үчүн «Кеңейтилген Carcheck» бөлүмүн тандаңыз;
• «Улантуу» баскычын басыңыз жана төлөмдү тастыктаңыз;
• «CarCheck» бөлүмүнө өтүңүз;
• автоунаа жана мамномер жайгашкан терезечеде кеңейтилген маалымат көрсөтүлөт

MegaPay тиркемесинде «Бөлүшүү» баскычы жайгаштырылат жана анын жардамы менен көрсөтүлгөн маалыматты сактап жана бөлүшүүгө болот.