Жаңылыктар

Насыяны банкка барбастан, MegaPay аркылуу төлөңүз

08.08.2023

Насыяны банкка барбастан, MegaPay аркылуу төлөңүз

MegaPay зарылчылыгы эң жогору болгон банк операцияларын коопсуз жана күнү-түнү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Эң көп аткарылган операция насыяларды банкка барбастан эле төлөө болуп саналат. Смартфонуңуздун санарип мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, убактыңызды жана акчаңызды үнөмдөп, бир нече баскычтарды басуу менен каржы операцияларын жүргүзүңүз.

MegaPay тиркемесиндеги MegaBlack/MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасы аркылуу же телефондун балансындагы каражаттын эсебинен бардык карыздарды ыңгайлуу төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Төлөм жүргүзүү үчүн комиссия алынбайт, ал эми которулган акча каражаты максималдуу ыкчам түрдө багытталган жакка келип түшөт.

Кыргызстандагы банктардын тизмеси (комиссия 0 сом):
• «Кыргыз-Швейцария Банкы» ЖАК
• «Бай-Түшүм Банкы» ААК
• «ФинансКредитБанк» ААК
• «Айыл Банк» ААК
• «Халык Банк Кыргызстан» ААК
• «Керемет Банк» ААК
• «Бакай Банк» ААК
• «РСК Банк» ААК
• «Кыргызкоммерцбанк» ААК
• «Капитал Банк» ААК
• «Евразиялык Сактык Банкы» ААК
• «Компаньон Банкы» ЖАК

Насыяны төлөө үчүн:
• Google Play же App Store’дон MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылоо;
• «Төлөм» баракчасын ачып, «Насыя төлөө (Банктар)» бөлүмүнө кирүү;
• Тизмеден тиешелүү каржы мекемесин тандап, жеке эсепти киргизүү, тиешелүү сумманы жазып, транзакцияны тастыктоо.
Даяр!