Акциялар

Жаңы жылдык промокод

Жаңы жылдык промокод

«Жаңы жылдын урматына промокоддор» аттуу майрамдык акцияны ишке киргизебиз! Акциянын алкагында колдонмодо идентификациялоодон өткөн колдонуучулар промокодду активдештиргендиги үчүн 500 бонус ала алышат.

Эсептелген бонустар бонустук эсебиңизге которулат. Аракеттеги лоялдуулук программасынын шарттарына ылайык, MegaPay колдонмосунда товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүдө пайдаланылышы мүмкүн.

Промокод — бул колдонуучуга кошумча артыкчылыктарды берүүчү, сандардын же тамгалар менен сандардын уникалдуу айкалышы.
Топтом үчүн бир гана промокодду активдештирүүгө болот – башкача айтканда, акциянын алкагында топтомду бир гана жолу колдонсо болот. Башка промокодду киргизүү аркылуу бир эле топтомду кайрадан кошууга болбойт.

Акция 2025-жылдын 31-декабрына чейин аракетте болот. Промокодду убагында активдештириңиз да, MegaPay’дин майрамдык бонустарын колдонуп калыңыз!

1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Эрежелер (мындан ары – Эрежелер) “Жаңы жылдын урматына промокоддор” акциясын (мындан ары – Акция) өткөрүү тартибин, катышуу шарттарын, катышуучулардын укуктары жана милдеттерин, ошондой эле сыйлыктарды берүү тартибин жөнгө салат.
1.2. Акциянын уюштуруучусу – “Кыргызмобайлкомпани” ЖЧКсы (мындан ары – Уюштуруучу). 1.3. Акция Кыргыз Республикасынын аймагында MegaPay мобилдик колдонмосу (мындан ары – Колдонмо) аркылуу өткөрүлөт.
1.4. Акцияга катышуу катышуучунун ушул Эрежелер менен толук макулдугун билдирет.

2. Акциянын мөөнөтү
2.1. Акция 2025-жылдын 18-декабрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
2.2. Уюштуруучу Акциянын катышуучуларына алдын ала эскертүүсүз каалаган убакта Акциянын мөөнөтүн узартуу же кыскартуу, ошондой эле аны токтото туруу же токтотуу укугун өзүнө калтырат.
2.3. Акция токтотулган учурда (анын ичинде мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда), бардык тийиштүү түрдө активдештирилген бардык промокоддор жана аларга кошулган топтомдор тиешелүү топтомдун мөөнөтү бүткүчө жарактуу бойдон калат.

3. Акциянын катышуучулары ( MegaPay колдонмосунун колдонуучулары )
3.1. Акциянын катышуучусу 18 жашка толгон, “Альфа Телеком” ЖАК менен байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча келишим түзгөн, “Альфа Телеком” ЖАКтын жекелештирилген абоненти жана тиешелүүлүгүнө жараша MegaPay төлөм системасынын жана MegaPay колдонмосунун колдонуучусу болгон Кыргыз Республикасынын жараны болушу мүмкүн.
3.2. Төмөндөгүдөй адамдар Акцияга катыша алышпайт:
• 18 жашка чейинки адамдар;
• 18 жашка толгон жана Кыргыз Республикасынын жараны эмес адамдар;
• MegaPay мобилдик колдонмосун колдонбогон адамдар.

4. Катышуунун шарттары
4.1. Акцияга катышуу үчүн катышуучу төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
• колдонмого кириңиз;
• промокодду тиешелүү бөлүмгө киргизиңиз (“Төлөмдөр” кошумча баракчасындагы “Жеке кабинет” бөлүмү);
• промокоддун форматы: сандар менен тамгалардын айкалышы.
4.2. Бир катышуучу – MegaPay колдонмосунун колдонуучусу Акциянын бүткүл мөөнөтүндө ар бир топтомго бир гана промокодду активдештире алат.
4.3. Эгерде промокод туура эмес киргизилсе, система тиешелүү билдирүүнү көрсөтөт жана сиз промокодду туура айкалышта кайра киргизе аласыз.
4.4. Промокодду Акциянын мөөнөтүнүн ичинде активдештирүү керек.
4.5. Промокоддор блогерлер аркылуу таратылат.

5. ““MegaPay’де бонус” лоялдуулук программасынын алкагында кошумча 500 бонус” топтому
5.1. Бонус: промокодду ийгиликтүү активдештиргендиги үчүн “MegaPay’де бонус” лоялдуулук программасынын алкагында катышуучунун бонус эсебине 500 кошумча бонус чегерилет.
5.2. Шарттар жана чектөөлөр:
• кошумча бонустар MegaPay колдонмосуна промокодду киргизгенден кийин автоматтык түрдө берилет. Катышуучу (MegaPay колдонмосунун колдонуучусу) “Төлөмдөр” кошумча баракчасына, андан кийин “Жеке кабинет” бөлүмүнө өтүп, промокодду “Промокод” деп белгиленген атайын баннерге/талаага киргизет.
• промокод активдештирилген учурдан тартып 30 календардык күн бою жарактуу;
• промокодду активдештиргенден кийин, катышуучу алынган топтом жана анын жарактуулук мөөнөтү жөнүндө маалымат камтылган системанын жообун алат;
• кошумча бонустарды MegaPay колдонмосунун “Менин бонустарым” бөлүмүндө жайгашкан “MegaPay’де бонус” лоялдуулук программасынын шарттарына ылайык колдонсо болот. Кошумча бонустарды колдонуу шарттары “MegaPay’де бонус” лоялдуулук программасынын алкагындагы бонустарды колдонуунун учурдагы шарттары менен бирдей;
• кошумча бонустарды, ошондой эле “MegaPay’де бонус” лоялдуулук программасынын учурдагы бонустарын дагы алмаштырууга, кайтарып берүүгө же накталай акчага айландырууга болбойт;
• “MegaPay’де бонус” лоялдуулук программасы боюнча бонустарды эсептөөнүн максималдуу стандарттык чеги календардык айына 2000 бонусту түзөт, бирок Акциянын алкагында Акциянын катышуучулары - MegaPay колдонмосунун колдонуучулары Акциянын мезгилинде жеткиликтүү максималдуу лимиттен тышкары 500 кошумча бонус топтоо мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат;
• MegaPay колдонмосунда жеткиликтүү болгон кызматтар жана ыңгайлуулуктар үчүн бонустар менен төлөөдө, артыкчылык кадимки (стандарттуу) бонустарга, андан кийин Акциянын алкагындагы кошумча бонустарга берилет;
• Акциянын катышуучусу – MegaPay колдонуучусу бонустардын жалпы калдыгын (Акциянын ичиндеги кошумча бонустарды кошо алганда) MegaPay колдонмосунда “Менин бонустарым” бөлүмүнөн көрө алат;
• Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык онлайн же оффлайн идентификациядан өтпөгөн жана ошого жараша MegaPay колдонмосунда жеткиликтүү болгон төлөм кызматтарынын колдонуучулары болуп саналбаган Акциянын катышуучуларына – MegaPay колдонмосунун колдонуучуларына кошумча бонустар берилбейт.

5.3. Атайын шарттар
5.3.1. Топтом үчүн бир гана промокодду активдештирүүгө болот – башкача айтканда, Акциянын алкагында топтомду бир гана жолу колдонсо болот. Башка промокодду киргизүү аркылуу бир эле топтомду кайрадан кошууга болбойт.
5.3.2. Промокоддорду накталай акчага алмаштырууга болбойт.
5.3.3. Уюштуруучу Акциянын катышуучуларына – MegaPay колдонмосунун колдонуучуларына алдын ала эскертүүсүз акциянын шарттарын жана/же жеке топтомдорду берүүнү өзгөртүүгө, аны мөөнөтүнөн мурда токтото турууга же токтотууга укуктуу.
5.3.4. Акция токтотулган учурда (анын ичинде мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда), бардык тийиштүү түрдө активдештирилген бардык промокоддор жана аларга кошулган топтомдор тиешелүү топтомдун мөөнөтү бүткүчө жарактуу бойдон калат.

6. Промокодду активдештирүүдөн баш тартуунун себептери
Уюштуруучу төмөнкү учурларда промокодду активдештирүүдөн баш тартуу укугуна ээ:
• Эрежелердин 5-пунктуна ылайык топтом үчүн промокодду активдештирүүнү каалаган Акциянын катышуучусу MegaPay колдонмосунун интификациядан өткөн колдонуучусу эмес жана ошого жараша MegaPay төлөм кызматтарынын колдонуучусу эмес;
• промокод мурда Акциянын ушул катышуучусу тарабынан активдештирилген болсо;
• промокод ката менен киргизилген;
• Акцияга катышууга укугу жок адамдардын категориясына кирет;
• Акциянын шарттарын бузуунун же аларды кыянаттык менен пайдалануунун белгилеринин болушу (анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен: үчүнчү жактарга промокодду массалык түрдө жөнөтүү, промокодду бир нече жолу же автоматтык түрдө киргизүү, техникалык алсыздыктарды пайдалануу, артыкчылыктарды алуу максатында бир гана бир нече аккаунттарды түзүү, кызмат көрсөтүү чектөөлөрүн айланып өтүү аракеттери жана Акциянын алкагында артыкчылыктарды адилетсиз алууга багытталган башка аракеттер).

7. Билдирүү
7.1. Промокод ийгиликтүү активдештирилгенден кийин, Акциянын катышуучусу – MegaPay колдонуучусу алынган топтом жөнүндө маалымат камтылган PUSH билдирүүсүн алат.

8. Жоопкерчилик
8.1. Уюштуруучу төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт:
• промокодду киргизүүдө акциянын катышуучусу – MegaPay колдонуучусу тарабынан кетирилген каталар;
• техникалык себептерден улам Акцияга катышуу мүмкүн эместиги;
• промокод киргизилген түзмөктүн же тармактын техникалык мүчүлүштүктөрү;
• Уюштуруучунун көзөмөлүнөн тышкары себептерден улам топтомдору чегерүнүн мүмкүн эместиги.
8.2. Уюштуруучу алдамчылык аракеттери аныкталган учурда каалаган топтомду жокко чыгарууга укуктуу (анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен: үчүнчү жактарга промокодду массалык түрдө жөнөтүү, промокодду бир нече жолу же автоматтык түрдө киргизүү, техникалык алсыздыктарды пайдалануу, артыкчылыктарды алуу максатында бир гана бир нече аккаунттарды түзүү, кызмат көрсөтүү чектөөлөрүн айланып өтүү аракеттери жана Акциянын алкагында артыкчылыктарды адилетсиз алууга багытталган башка аракеттер).

9. Жеке маалыматтарды иштетүү
9.1. Акцияга катышканда, катышуучунун жеке маалыматтары MegaPay Купуялуулук саясатына ылайык иштетилет.
9.2. Акцияга катышуу катышуучунун мындай иштетүүгө макулдугун билдирет.

10. Башка шарттар
10.1. Уюштуруучу MegaPay колдонмосунда же www.megapay.kg сайтында жарыялоо аркылуу каалаган убакта ушул Эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
10.2. Эрежелердин актуалдуу версиясы www.megapay.kg расмий сайтында же MegaPay колдонмосунда жайгаштырылат.
10.3. Жөнгө салынбаган бардык учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.
10.4. Кошумча маалымат алуу үчүн Акциянын катышуучусу – MegaPay колдонуучусу колдоо кызматына төмөнкү номер аркылуу кайрыла алат: +996 (555) 500 000 (*500).