Акциялар

АКЫСЫЗ NFC стикерлер

АКЫСЫЗ NFC стикерлер

2024-жылдын 16-декабрынан тартып MegaPay’ден эң сонун акция башталат - MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасынын бардык колдонуучулары NFC стикерлерди акысыз ала алышат! Бул акция колдонуучулар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылууга, ошондой эле контактсыз төлөмдөрдү жана NFC түзмөктөрүн жайылтууга багытталган.

Маанилүү: стикерлердин саны чектелүү, андыктан шашылыңыз!

Акция 2024-жылдын 16-декабрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин уланат.

NFC стикерди акысыз үчүн эки жөнөкөй кадамды аткаруу зарыл:
1. MEGAнын сатуу жана тейлөө борборунда банктык толук идентификациядан өтүү.
2. MegaPay колдонмосу аркылуу «Айыл Банк» ААК банк-эмитенттен MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасын чыгаруу.
Бул шарттарды аткаргандан кийин MEGAнын адиси NFC стикерди берип, аны картаңызга байланыштырат.

Акция MegaPay’дин колдонуучулары үчүн гана жеткиликтүү, аларда:
• «Айыл Банк» ААКтан MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасы чыгарылган;
• iOS же Android операциялык системасы бар, бирок NFC модулу орнотулбаган смартфон болушу керек.

Маанилүү:
• Акциянын мезгилинде бир ИСН үчүн акысыз бир гана NFC стикери берилет.
• Эгерде колдонуучуга мурда NFC стикери берилген болсо, жаңысы акысыз берилбейт.

Акция MEGAнын төмөнкү сатуу жана тейлөө борборлорунда жеткиликтүү:
• Бишкек ш., Чүй пр. 155, «ЦУМ-Айчүрөк», В17 бутиги;
• Бишкек ш., Юнусалиев көч. 177/2, «Beta Stores - 2» СБ;
• Бишкек ш., Ч.Айтматов пр. 3, «Asia Mall» СБ, 0-кабат;
• Бишкек ш., Сүйүмбаев көч. 123, MEGAнын башкы кеӊсеси;
• Бишкек ш., Киев көч. 148, «Бишкек Парк» СБ, 0-кабат;
• Бишкек ш., Горький көч. 27/1, «Vefa Center» СБ, 1-кабат, № 20 бутик;
• Бишкек ш., Ибраимов көч. 115, «Дордой Плаза» СБ;
• Бишкек ш., Юнусалиев көч. 185/1, «Marks» СБ;
• Бишкек ш., Бейшеналиева көч. 42, «Беш-Сары» СБ;
• Бишкек ш., Жибек Жолу пр. 150, «Аламедин Гранд» СБ;
• Ош ш., Масалиев пр. 2 (Каныкейдин эстелиги тарапта);
• Манас ш., Т. Байзаков проспекти, 57;
• Баткен ш., Сайдыман Ажы көч. 7.

Акыркы жарнамалар