Каржылык отчеттуулук

MegaPay төлөм сервисинин оператору – «Кыргызмобайлкомпани» ЖЧК 2011-жылдын 27-июлунда негизделген. 2019-жылдын 18-ноябрында берилген мамлекеттик каттоо күбөлүгүнүн номери: № 117416-3301-ООО.
«Кыргызмобайлкомпани» ЖЧКсынын юридикалык дареги: 720011123, Бишкек шаары, Сүйүмбаев көч., 123.

Коомдун катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
• «Альфа Телеком» ЖАК
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду.

2020-жылдын 8-январында берилген № 3028080120 КРУБ лицензиясы оператордун төлөм системасы катары ишмердүүлүк жүргүзүү укугун тастыктайт. 2020-жылдын 8-январында берилген №2027080120 КРУБ лицензиясы оператордун төлөм уюму катары ишмердүүлүк жүргүзүү укугун тастыктайт.

Өлкөдөгү электрондук төлөм чөйрөсүнүн алдыңкыларынын бири болуп саналган «Кыргызмобайлкомпани» ЖЧК 2022-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясынын мүчөсү статусуна ээ болгон.

MegaPay тиркемеси 2017-жылдын 7-декабрында Fintech рыногунда сунушталган жана Кыргыз Республикасындагы жигердүү өнүгүп жаткан төлөм системаларынын бири болуп келет.

Бүгүнкү күндө MegaPay онлайн-сервиси санариптик жардамчыга айланды десек болот. Анын жардамы менен колдонуучулар өз балансынан онлайн- төлөмдөрдү жүргүзүп, QR-код аркылуу жүздөгөн товарлардын жана кызматтардын акысын төлөп, Кыргызстандагы 7 банктын карталарына комиссиясыз акча каражатын которо алат. Мындан тышкары, эң көп суроо-талапка ээ болгон мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр 24/7 шарттамында жеткиликтүү.

Каржылык отчеттуулук